Окуу жылы кеч башталып, кеч аяктайт

  • 3 года мурун

2021-2022-окуу жылы 8-июнда аяктап, акыркы коңгуроо 9-июнда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Мамлекеттик экзамендер 10-июнда башталып, 1-июлга чейин жүрөт. Ага 9-11-класстын окуучулары эле катышат, калгандары каникулда болушат. Экзаменге убакытты даярдык жакшы көрүлсүн деп кенен бөлдүк. Күбөлүк 11-июлда, аттестаттар 15-июлда берилет», — деди Жусупбекова.

Министрдин орун басары окуу жылы 15-сентябрда башталганы менен мугалимдердин айлык акысы кыскартылбай, мурдагыдай толук бериле турганын кошумчалады.

Эске салсак, 2021-2022-жылкы окуу жылы жылдагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда баштала турган болду. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты