Казакстан Кыргызстанга миң тонна күздүк буудай бериши мүмкүн

  • 3 года мурун

Казакстан Кыргызстанга миң тонна күздүк буудай беришин карап жатат.

Бул тууралуу Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев менен жолугушууда билдирди.

Эки тарап саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара чөйрөсүндөгү кыргыз-казак мамилесинин учурдагы жана актуалдуу маселелеринин кеңири талкуулашты. Мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана аймактык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Жолугушууда Казакстандын элчиси казак тарап быйыл 1000 тонна күздүк буудайдын түшүмдүү үрөнүн гранттык жардам катары берүү маселесин карап жатканын маалымдады.

Ошондой эле, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча тараптар Ишкер кеңешти активдештирүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн чек ара аймактарында биргелешкен соода-логистикалык борборлорду түзүүнү тездетүү, ошондой эле товарлардын транзити боюнча пикир алмашышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты