Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн дүйнөлүк рейтингинде кайрадан биринчиликти ээледи

  • 3 года мурун

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинде 1 -орунду сактап калды. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалды.

Тыныбекова Токио Олимпиадасында 62 кг салмакта 2-орунду ээлеп, Япония спортчусу Юкако Кавайга жеңилип калган. Ошого карабастан, ал рейтингдеги биринчи ордун сактап кала алды. Ал буга чейин да, аялдар арасындагы эң мыкты күрөшчү деп эсептелип, биринчи орунда болчу.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов дүйнөдөгү балбандардын ичинен экинчи орунга чыкты. Рейтинг Олимпиада оюндарынан кийин жаңыланган. Мында биринчи орунду Махмудовдун финалдагы атаандашы Тамаш Лоринц ээледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты