Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат

  • 3 года мурун

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.


Маалыматта айтылгандай, окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык жүргүзүлүп жатат.

Учурда Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде жалпы 152 миң 827 кызматкер эмгектенет. Азыркы убакка чейин, коронавируска каршы эмдөө 56 миң 114 кызматкерге жүргүзүлгөн, бул 36,7%ды түзөт. Ал эми “коллективдүү иммуниттин” түзүү үчүн кызматкерлердин 70% дан кем эмеси эмдөөдөн өтүшү керек.

Башкача айтканда, өлкөдөгү дагы 52 миңден ашуун кызматкер эмдөөдөн өткөндө гана окуу оффлайн форматта жүргүзүлөөрү күтүлүүдө.

Министрлер кабинетинин түшүндүрөсүнө ылайык, мындай чечимдин дагы бир максаты, окуу жылын узартуу Кыргызстандагы туризм тармагын калыбына келтирүүгө жана жайкы туристтик сезондун узартылышына салым кошоору белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты