Ишкерлер экономика жаатында кабыл алынган мыйзамга байланыштуу Президентке кайрылуу жасашты

  • 3 года мурун

Ишкерлер, бизнес коомчулуктун кызыкчылыгын коргогон ассоциациялар Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылуу жасашты.

Кайрылууда төмөндөгүлөр жазылган:

«Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Биз тез арада кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан үч окууда кол коюлган «Экономиканын өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын маселеси боюнча сизге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын гаранты катары кайрылабыз.

Өкүнүчтүүсү, Министрлер Кабинетинин жогоруда аталган демилгеси коомдук талкуудан өткөн жок. Бул баары мыйзам долбоорунун демилгечиси — Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын жана жогоруда аталган мыйзамынын нормаларын одоно түрдө бузуу болуп саналат.

Бизнес — омбудсмен, бир катар бизнес -коомдоштуктар, ассоциациялар, орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү кабыл алынган мыйзамга анализ жасашып, көптөгөн олуттуу кемчиликтер бар экенин белгилешти. Мыйзамдын долбоору «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамдын концепциясына туура келбейт. Мыйзамды кабыл алуу менен Министрлер Кабинетине аткаруу бийлигине мүнөздүү эмес кеңири ыйгарым укуктарды берет. Министрлер Кабинети салыктардын жана жыйымдардын өлчөмүн өзгөртүү жагынан өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен ашат.

Урматтуу Садыр Нургожаевич,

Жогорудагы мыйзам сиздин бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишмердүүлүгүн колдоо жана алардын укуктук корголушун камсыз кылуу боюнча сиздин билдирүүлөрүңүзгө жана чечимдериңизге каршы келет.

Экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү, салык инспекциясынын функцияларын райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берүү, Социалдык фонддун социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтерди жогорулатуу демилгеси, кылмыш мыйзамдарында экономикалык кылмыштарды криминалдаштыруу сыяктуу демилгелер жана башкалар бизнес жүргүзүү шарттарынын начарлашына алып келет жана азыркы учурда алардын көңүлүн чөгөрүүдө. Бул мыйзам микро чакан жана орто бизнестин ишенбөөчүлүгүн туудурат, улуттук ынтымакка жана коомдук-саясий стабилдүүлүккө зыян келтирет.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, «Экономиканын өзгөчө кырдаал чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы пикирлер менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине параграфка ылайык кайтарууну суранабыз.

Урматтоо менен,

«Тандем» юристтер жамаатынын командасы»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты