УКМК: “Кумтөр» боюнча кылмыш ишинин 1992-2009-жылдардагы эпизоддору жыйынтыктоо этабында

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук комитети “Кумтөр иши” боюнча толук маалымат берди. Комитет «Кумтөр» иши боюнча ушул убакка чейин кандай аракеттер болгонун айтып, кайсы аткаминер кайсы берене боюнча айыпталып жатканын билдирди.

Коопсуздук комитети тараткан маалыматта чогултулган далилдерден улам «Камеко» жана Centerra Gold Inc. кызматташуу учурундагы ири коррупция Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы аракет болгон деген бүтүм чыгарылган.

“Тергөө учурунда аныкталган коррупциялык фактыларды жана канадалык инвесторлор менен Кыргызстандын элинин кызыкчылыгына жооп бербеген келишимдердин шарттарын эске алуу менен, тергөө Башкы прокуратура менен бирге Кумтөр долбоору боюнча келишимдерди денонсациялоо процессин баштады”.

Атайын кызмат “Камеко” жана “Центерра” компаниялары менен кызматташууда, келишимдерди түзүүдө, ар кандай толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ири көлөмдөгү коррупция болгону тууралуу корутундуга келгенин жана далилдер менен ырасталганын айтат.

УКМКнын маалыматы боюнча 1992, 1994, 2003 жана 2009-жылдардагы келишимдер боюнча козголгон кылмыш иши аягына чыкты. Коррупция фактылары аныкталып, күнөөлүү адамдарга кылмыш иши козголуп, айрымдарына издөө жарыяланган.

2012-2014-жылдары «Центерра» компаниясынын кызыкчылыгы үчүн иштеген бир катар чиновниктерге жана депутаттарга кылмыш иши козголгон.

Атайын кызмат 2017-жылы түзүлгөн келишим жана Суу кодексине кирген өзгөртүү боюнча тергөө жүрүп жатканын, күнөөлүү адамдарга юридикалык баа берилерин маалымдады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты