Коррупцияга каршы кеңештин мүчөлөрүн президент дайындайт

  • 3 года мурун

Антикоррупциялык ишкердик кеңешке кире турган мүчөлөрдү президент Садыр Жапаров өзү дайындайт.

Бул туурасында кеңештин жарандык сектор менен биринчи жолугушуусунда белгилүү болду.

Бүгүнкү жыйында мүчөлүккө киргизүү боюнча критерийлер добуш берүү менен чечилди. Натыйжада кеңешке уставында «коррупцияга каршы күрөшүү менен алектенет» деген пункту бар коомдук уюмдарды гана киргизүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле талапкерлигин көрсөткөн тараптар коррупцияга бөгөт коюу боюнча жасаган иштеринин бир жылдык отчетун бериши шарт. Андан соң президент карап көрүп, мүчөлүккө бекитет.

Белгилей кетсек, Антикоррупциялык ишкердик кеңеши бир ай мурун, 8-июлда, президенттин жарлыгы менен түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты