Умбеталы Кыдыралиев “Кыргызалтынды” жетектейт

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев “Кыргызалтындын” башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу “АКИпресске” маалымат булактары билдирген.

Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү болгон. Мындан сырткары, Умбеталы КЫдыралиев “Кумтөр” маселеси боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиясынын мүчөсү.

“Кыргызалтындын” мааалымат кызматы билдиргендей, Умбеталы Кыдыралиев, өкмөттүн уруксаты менен, Мамлекеттик мүлк фондунун чечими менен дайындалган. Бүгүн, 10-августта, ал компаниянын коллективине тааныштырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты