Бир күндө үч адам сууга чөгүп каза болду

  • 3 года мурун

Кыргызстанда бир сутка ичинде үч адам каналдагы сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам билдирүүсүндө кабарланды.

10-августка караган түнү Ош шаарынын Раззаков көчөсүндөгү каналга 18 жаштагы кыз түшүп кеткен. Саат 00:56 тартылган беш куткаруучу кыздын сөөгүн суудан алып чыгып, туугандарына өткөрүп берген.

Ош облусунун Араван районунун Ленин айылындагы Фергана каналына 30 жаштагы эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат ӨКМге кечээ сатт 17:56 түшкөн. Издөөгө 19 куткаруучу, эки милиция кызматкери жана жергиликтүү тургшундар тартылган. Натыйжада адамдын сөөгү Өзбекстандан табылды.

Ал эми Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Комсомол айылында каналга 15 жаштагы бала чөгүп кеткендиги тууралуу кечээ эртең менен саат 7:00дө маалымат түшкөн. Ал жерге 31 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, саат 16:50дө маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты