Алга Кылычовду травматикалык тапанча менен атууга шектелген шаар кеңеш депутаты кармалды

  • 3 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычовду травматикалык тапанча менен бутка атууга шектелген Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалай Темиркулов убактылуу камак жайга камалды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаар кеңешинин депутаты Т.Т. милицияга травматикалык тапанчасын өз ыктыяры менен өткөрүп бергендиги белгиленди.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычов бутка ок жегендиги тууралуу маалымат тараган. Ал окуяда Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Т.Т. шектелип жаткандыгы айтылган. Т.Т. аттуу аты-жөндүн артында Таалай Темиркулов турары белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Алга Кылычов менен Таалай Темиркулов экөөнүн телефондук сүйлөшүүсүндө пикир келишпестик орун алып, айтыша кетишкен. Андан кийин депутат машина менен келип, Алга Кылычовго травматикалык тапанчадан оң жаңырткан. Жабырлануучу ооруканага түшкөн.

Бул иш кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык беренеси менен катталган.

Иллюстарциялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты