Асланбек Сартбаевдин Интернеттеги пикири боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

  • 3 года мурун

“Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге карата кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш башталды.


Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы башкы редактордун аты-жөнүн (А.С. деп атап) кыскартып атоо менен билдирди.

2021-жылдын 6-августунда Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүнө (расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу (жек көрүү) ылайык, “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге карата кылмыш жана жоруктардын бирдиктуу реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлады.

Бул факты боюнча Сартбаев Интернетке жарыялаган материалда аймактар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экендиги боюнча тиешелүү экспертиза дайындалгандыгы белгиленди.

Сүрөттө: Асланбек Сартбаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты