“Кыргызкөмүрдүн” башчысы эки айга камакка алынды

  • 3 года мурун

Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаев эки айга камакка алынды.

Бул тууралуу УКМК билдирди.

Канатбек Ашырбаевдин бөгөт чарасы 5-август күнү Биринчи Май райондук сотунда каралып, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайында калтыруу чечими чыккан.

Канатбек Ашырбаев 4-август күнү коррупциялык схема түзгөн жана казылып жаткан көмүрдүн көлөмүн азайтып көрсөткөн деп шектелип кармалган. УКМК билдиргендей, экспертизанын жыйынтыгында азылып алынган көмүрдүн көлөмү бир жылда 370 миң тоннага азайтылып, акчасы 600 миллион сомго аз көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты