​Нурлан Мүсүралиев: Экономикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу мыйзам долбоорунда тобокелчиликтер бар (ВИДЕО)

Жакында Жогорку Кеңеш “Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун бир отурумда үч окууда кабыл алды. “ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө Бизнес-акыйкатчынын орун басары — НУРЛАН МҮСҮРАЛИЕВ мыйзам долбоорунун тобокелчиликтери тууралуу айтып берди.


-Ооба, Жогорку Кеңеш жакында эле аталган мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул долбоор боюнча Бизнес-акыйкатчы өз билдирүүсүн жасаган. Алдын-ала долбоорду изилдеп көрдүк, биздин оюбузча анда бизнес тобокелчиликтер бар. 2-3 мисал келтирип кетейин.

Биринчиден, салык ставкаларын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү, салыкты администрациялоо тартиби, салык төлөөчүлөр үчүн кошумча милдеттерди киргизүү. Мындан тышкары жаңы айып категориясы киргизилет. Бүгүнкү күндө мыйзам долбоорунда кандайдыр бир ишкерлер тарабынан мыйзам бузуулар болсо, 10 миң эсептик көрсөткүчтө айып салынат, муну акчага которсок, бир миллион сом. Биздин оюбузча бул өтө эле жогору.

Андан тышкары экономикада бул абал киргенден кийин, ченемдик-укуктук актылардын жөнгө салынуучу таасиринин талдоосу жокко чыгарылат экен. Өзүңүздөр билгендей, жаңы мыйзам долбоору жаңыдан пайда болсо, мыйзам долбоору бизнес же экономикага тийиштүү болсо, жөнгө салуу таасирин талдоону өткөрүш керек. Тилекке каршы, бул мыйзам долбоорунда андай процедура жок экен.

Тилекке каршы, мыйзам долбоорун талкуулоого бизнес коомчулуктун өкүлдөрү, серепчилер же кызыкчылыгы бар тараптар катышкан жок. Бул-өтө өкүндүрөт. Анткени бул мыйзам долбоору түздөн-түз экономикага жана ишкерликке таасирин тийгизет.

Өзүңүздөр билгендей, пандемиянын таасиринен экономикада кризис болуп жатат, Былтыр октябрда өткөн саясий окуялардан кийин бизнес, экономика мурдагы калыбына келе элек. Ошондуктан биздин оюбузча, бул мыйзам долбоору, мүмкүн, тобокелчиликтерге алып келип, кандайдыр терс таасирин тийгизет.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты