​УКМК: 15 вебкам-студия иштеткен киши кармалды

  • 3 года мурун

Бишкекте “вебкам-студия иштетип, кылмыштуу киреше табуу менен алектенген” деген шек менен негизги уюштуруучу кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалымат боюнча, борбор калаада 15тен ашык вебкам-студия уюштуруп, көмүскө киреше тапкан туруктуу топту жетектеп турган,

Кылмышка кыргызстандыктардан тышкары КМШ өлкөлөрүнүн жарандары да аралашканы, алар кыздарды алдап, көп маяна убада кылып, интернет аркылуу интимдик кызматка тартып турганы, бир аптада эле бир студия кирешеси 90-100 миң долларга жетип, анын 5-10% гана кыздарга төлөнүп келгени айтылды.

Кылмышка шектүү адам 3-августта кызматкерлерине маянасын бөлүштүрүп жаткан кезде кармалганы, тинтүү учурунда жанынан 27 миң доллар табылганы маалым болду.

Иллюстарциялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты