​Тыныбекова менен Махмудовго күмүш медаль үчүн өлкөбүз 7 млн сомдон, Жуманазаровага 5 млн сом сыйакы төлөп берет. Машыктыруучулары, врачтар, массажчылар да сый акы алат

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын курама командасынын спортчулары үчүн байге фонду түзүлгөн. Атап айтканда, Токиодогу Олимпиадада жеңишке жеткен курама команданын спортчуларына алтын медаль үчүн – 10 млн сомдон, күмүш медаль үчүн – 7 млн сом, коло медаль үчүн 5 млн сом каралган.

Медицина кызматкерлерине Олимпиада оюндарынын чемпиондор жана олимпиадалык медалдын ээлери үчүн жалпы сыйлык фондунун 10% өлчөмүндө сый акы төлөнөт.

Алсак, Айсулуу Тыныбековага жана Акжол Махмудовго күмүш медаль үчүн өлкө 7 млн сомдон төлөнөп берилет. Мээрим Жуманазаровага коло медаль үчүн 5 млн сом төлөнөт.



Башкы машыктыруучуга – спортчунун акчалай сый акысынын 30% өлчөмүндөгү суммасы, улук жана жеке машыктыруучуга – спортчунун акчалай сыйакысынын 25% өлчөмүндөгү суммасы, биринчи машыктыруучуга спортчунун акчалай сыйакысынын 10% өлчөмүндөгү суммасы төлөнөт.

Алсак, Айсулуу Тыныбекованын жеңиши үчүн:

Башкы машыктыруучу Нурбек Изабековго-2 млн 225 миң сом;

Улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаевге— 1млн 875 миң сом;

Жеке машыктыруучу катары Нурбек Изабековго-1 млн 875 миң сом;

Биринчи машыктыруучуга-750 миң сом;

Врач Бактыгүл Алишевага-750 миң сом;

Массажчы-Константин Ересичке-750 миң сом төлөп берет.

Айсулуунун жеңиши үчүн жалпысынан 15 млн сомдон ашык төлөнөт.

Ошондой эле күмүш медаль үчүн Акжол Махмудовго 7 млн сом, анын машыктыруучуларына, врач, массажчыга төлөнөт. Мээрим Жуманазаровага коло медаль үчүн 5 млн сом төлөнөп берилет.

Сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты