Жапаров Токиодо «Борбордук Азия + Япония» саммитинин алдындагы иш-чарага катышты
- 2 месяца мурун
Садыр Жапаров «Борбордук Азия + Япония» саммитинин алдындагы иш-чарага катышты. Иш-чара Токио шаарындагы “Акасака” конок үйүндө өттү.
Мамлекет башчыны Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити тосуп алды. Алар кызыл килем менен басып, ардактуу кароол менен саламдашты. Андан соң сүрөткө түшүп, Борбор Азия+Япония саммитинин жыйыны алдындагы иш-чарага, салтанаттуу кечеге кирди.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




