Президент Жапаров Японияга иш сапары менен барды
- 2 месяца мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда, Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен “Борбор Азия + Япония” диалогунун биринчи саммитине катышуу үчүн Японияга барды.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.
Анда айтылгандай, мамлекет башчынын учагы Токио шаарындагы “Ханеда” эл аралык аэропортуна конду.
Аэропортто Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлгөн.
Президент Садыр Жапаровду Япониянын тышкы иштер боюнча вице-министри Эри Арфия жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Иш сапардын алкагында мамлекет башчынын Япониянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.
Саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын бизнес форуму да өтөт.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




