​Жетекчиси кармалган «Кыргызкөмүрдүн» жамааты Президентке кайрылуу жолдоду

  • 3 года мурун

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын эмгек жамааты Президент Садыр Жапаровго кайрылып, ишкананын жетекчиси Канатбек Ашырбаевге коррупция боюнча жалаа жабылып жатканын билдирди. Алар ишти адилеттүү териштирүүнү камсыздоону өтүнүштү.

Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынан кабарлашты.

4-августта УКМК“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев кармалган. 3-августта «Кара-Кече» көмүр кенинин эсепчиси кармалган.

Маалыматка ылайык, Ашырбаев менен “Кара-Кече” филиалынын эсепчиси 3-августтта кармалып, экөө тең атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына жеткирилишкен.

УКМКдан билдиришкендей, алар пайда көрүү максатында Кара-Кечеден казылган көмүрдүн салмагын атайылап аз көрсөтүп, туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн.

Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, мамлекеттик ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмү жылына болжол менен 600 млн. сомдук 370 миң тоннадан ашык аз көрсөтүлгөнү аныкталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты