Таалайбек Нуралиев эки айга камалды

  • 3 года мурун

Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиев эки айга камалды.

Бул тууралуу чечим Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан 4-августта чыгарылды.

Улуттук коопсуздук комитети юстиция министрлигинин алдындагы жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиевди кармаган.

Таалайбек Нуралиевдин иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3500 доллар, 59 миң сом, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын октору алынган.

Жашаган жеринен ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле, түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылган.

Сүрөт: Нуралиевди кармоо учуру. УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты