COVID-19: 840 учуру катталды. 9 бейтап каза тапты
- 2 years мурун
2021-жылдын 5-августуна карата Кыргызстанда COVID-19дун 840 учуру катталды.
Анын ичинде:
Бишкек – 476;
Ош шаары – 8;
Чүй облусу – 131;
Ош облусу – 31;
Талас облусу – 9;
Нарын облусу – 11;
Ысык-Көл облусу – 54;
Жалал-Абад облусу – 78;
Баткен облусу – 42.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 167 076га жетти.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны – 1550 кииши. Айыгып чыккандардын жалпы саны – 152 402 киши.
Каза болгондор – 9. Өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны – 2372 (Расмий такталып чыккандан кийин).
Стационарда 3306 жана амбулатордук түрдө 7629 бейтап дарыланып жатат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү