​Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

  • 3 года мурун

4-августта Садыр Жапаров телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекованы Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады.

Садыр Жапаров үй -бүлөсү менен финалдык таймашты көргөндүгүн, мындан тышкары, жүз миңдеген мекендештер түз эфирдеги күрөштү көрүп, Айсулууну сүрөп турушканын кошумчалады.

«Бул бүтүндөй Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү унутулгус күн. Сиздин жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою күн сайын, талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз»,деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров олимпиадалык команданын спортчулары менен машыктыруучулар курамына чың ден соолук жана жаңы-жаңы жетишкендиктерди каалап, Мекенине аман-эсен кайтып келип алышын тиледи.

Кечээ грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш медаль тагынган. Ал эми кыздар күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медаль жеңип алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты