Токио Олимпиадасы: Бүгүн Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшөт

  • 3 года мурун

Бүгүн, 4-агустта, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Токио Олимпиадасынын алтын байгеси үчүн күрөшөт. Финалдык беттеште, ал ал япониялык күрөшчү Юкако Каваи менен кез келет. Мелдеш Кыргызстан убактысы боюнча, 17:55 те башталат. Олимпиаданын түз эфирин, Борбордук “Ала-Тоо” аянтында жана «Азия Молл» соода борборунан көрүүгө болот.

Буга чейин Тыныбекова жарым финалдык беттеште украиналык Ирина Коляденкону 10:0 эсебинде утуп, Олимпиада оюндарынын финалына өткөн. Ага чейин, алгачкы беттешинде латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 жана экинчи жолугушуусунда румыниялык Криста Тунде Инчени тушеге басуу менен мөөнөтүнөн мурда утуп алган.

Белгилей кетсек, азыр Кыргызстандын эсебинде күрөш боюнча алган бир күмүш жана бир коло медалы бар. Күмүш байгени 3-август күнү Акжол Махмудов, ал эми коло медалды күрөшчү Мээрим Жуманазарова уткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты