Сүйүнчү! Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов финалга чыкты

  • 3 года мурун

Токиодо өткөрүлүпа жаткан жайкы Олимпияда оюндарында, Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов финалга чыкты.


Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү боюнча чейрек финалда азербайжандык Рафиг Гусейновду 9:1 эсебинде жеңди.

Ал эми, 77 килограмм салмактык категориядагы армениялык балбан Карапет Чалян менен жарым финалда беттешип, 6:2 эсебинде таза артыкчылык менен жеңип алды.

Эми ал финалда Олимпиада-2020 медешинин алтын байгеси үчүн венгриялык Томас Льеринс менен таймашат. Финалдык беттештер 3-августта болот. Белгилей кетсек, Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мелдеш 8-августта жыйынтыкталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты