Бүгүн Японияда жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот

  • 3 года мурун

Бүгүн 23-июлда, Токиодогу Улуттук стадиондо “Жайкы Олимпиада оюндарынын” ачылыш аземи болот. Ачылыш, Бишкек убактысы менен 17:00дө башталат. Олимпиада оюндары, КТРК жана “Акнет” тарабынан биргелешип ачылган КТРК-Спорт-2 каналы аркылуу түз трансляцияланып турат.

Олимпиадага, жалпы жонунан 205 өлкөнүн спортчулары катышаары болжолдонууда.

Ал эми Кыргызстандан:

  • 1) Айсулуу Тыныбекова (күрөш);
  • 2) Мээрим Джуманазарова (күрөш);
  • 3) Айпери Медет кызы (күрөш);
  • 4)Эрназар Акматалиев (эркин күрөш);
  • 5) Узур Джусупбеков (грек-рим күрөшү);
  • 6) Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү);
  • 7)Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү);
  • 8)Жоломан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү);
  • 9) Дарья Маслова (марафон, жеңил атлетика);
  • 10) Нурсултан Кенешбеков (жеңил атлетика);
  • 11) Каныкей Кубанычбекова (ок атуу);
  • 12) Денис Петрашов (сууда сүзүү);
  • 13) Роман Петров (фехтование);
  • 14) Владимир Золоев (дзюдо);
  • 15) Бекдоолот Расулбеков (оор атлетика);
  • 16) Айаал Лазарев (эркин күрөш)
  • 17) Мария Карабицкая (жеңил атлетика) боюнча жалпы 17 спортчу катышат.

Токио Олимпиадасынын ачылыш салтанатында өлкөнүн туусун Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыгат. Бул тууралуу маалыматты Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Токиодо өтө турган “Жайкы олимпиада оюндары” коронавирус пандемиясынын улам токтотулуп, бул жылы өткөрүү чечими кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты