Токио Олимпиадасы-2020: Айсулуу Тыныбекова латвиялык спортчу менен беттешет
- 3 года мурун
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиадада, 3-август күнү, латвиялык спортчу Анастасия Григорьева менен беттешет. Анастасия Григорьева, Айсулуу Тыныбекованын Токио олимпиадасындагы алгачкы атаандашы.
Тыныбекова бул атаандашы менен 2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө кубогунун финалында беттешкен. Анда Тыныбекова Григорьеваны 14:0 эсебинде утуп алган.
Белгилей кетсек, Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. Ага кыргызстандык 16 спортчу катышууда. Мелдеш 8-августта жыйынтыкталат.
Муну бөлүшүү