Акжол Махмудов Олимпиаданын жарым финалына чыкты

  • 3 года мурун

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча чейрек финалда азербайжандык Рафиг Гусейновду 9:1 эсебинде жеңди.

Ал 77 килограмм салмактык категорияда өз атаандашын таза артыкчылык менен утту. Эми балбан Олимпиаданын жарым финалында армениялык Карапет Чалян менен беттешет.

Ал эми, дагы бир кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөштүн чейрек финалында нигериялык Блессинг Оборудудага 2:3 эсебинде жеңилип, Олимпиаданын жарым финалына чыга албай калды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты