Токио Олимпиадасы: Айпери Медет кызы түркиялык спортчу менен беттешет

  • 3 года мурун

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиадада бүгүн, 2-августта, эркин күрөш боюнча 76 кг чейинки салмакта түркиялык спортчу Ясемин Адам менен беттешет. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:55те көрсөтүлөт.

Айпери Медет кызы жарым финалда АКШ спортчусу Мариа Грейге 3-2 эсебинде утулуп калды.

Буга чейин чейрек финалда россиялык балбан, 2012-жылдагы Олимпиаданын жеңүүчүсү Наталья Воробьеваны 12:0 эсеби менен утту. Ал чейрек финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсеби менен жеңгенден кийин чыккан.

Бүгүн ошндой эле кыргызстандыктар Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков мелдешке чыгат.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында мелдештин соңуна чыкты. Ал грек-рим күрөшү боюнча молдовалык Виктор Чобануга 9:0 эсебинде жеңилип калган. Ал эми казакстандык алгачкы атаандашын Жоламан Шаршенбеков эки мүнөт аралыгында 8:0 эсеби менен утуп алган.

Сүрөт: ГАМФКиС

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты