Олимпиада күндөлүгү: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Жаңылыктар

Токиодогу жайкы Олимпиадада эркин күрөш боюнча 76 кг салмакта кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты.


Буга чейин чейрек финалда россиялык балбан, 2012-жылдагы Олимпиаданын жеңүүчүсү Наталья Воробьеваны 12:0 эсеби менен утту. Ал чейрек финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсеби менен жеңгенден кийин чыккан.


Айпери Медет кызы жаштар арасында дүйнө чемпиону жана коло байгенин эки жолку ээси. 2020-жылы Азия чемпиону болгон.


Жарым финалдык күрөштөр бүгүн, 1-августта, түштөн кийин 15:00дө башталат.


Cүрөт: Интернет булактарынан: