Жаңы шайланган Бишкек шаардык кеңешинин алгачкы сессиясы башталды

  • 3 года мурун

Жаңы шайланган депутаттарга Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан мандаттар тапшырылып, андан соң алар ант берүүгө өтүштү.

11-июнь күнү жергиликтүү кеңештерге болуп өткөн шайлооныны негизинде, Бишкек шаардык кеңешке алты партия өткөн. Саясий бирикмелерге алган добушуна жараша Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат бөлүнүп берилди.

Бүгүнкү иш-чарага Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколду окуду.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов депутаттарды активдүү иштөөгө үндөдү.

Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялар тууралуу маалыматты бул материалдан окусаңыз болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты