​Талас районунун акиминин орун басары пара менен кармалды

  • 3 года мурун

30 миң сом өлчөмүндөгү пара менен Талас районунун акиминин орун басары кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматына ылайык Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Т.К.Р оң чечим чыгарып, ишкердүүлүк баштоого уруксат кагаздарын берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Талап кылынган паранын 30 миң сомун алып жаткан жеринен кармалган.

Ага кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, пара опузалоо боюнча кылмыш иши козголуп, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты