​Түркиядагы кыргызстандык мигранттар пенсия ала баштады

  • 3 года мурун

Түркияда пенсия ала баштаган кыргызстандык мигранттар бар экенин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин онлайн жыйынында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев билдирди.


Элчинин айтымында, «Түркия жана Кыргызстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык коопсуздук келишимине» ылайык, эки өлкөдө 15 жылдан ашык эмгек визасы менен иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки жактан тең быйыл март айынан баштап пенсия ала баштады.

Эки өлкө ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишимге президенттер 2018-жылы 9-апрелде Анкарада кол коюлган.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев канча киши пенсия алып жатканын тактаган жок.

Ал Түркияда 20 миңден 25 миңге чейин кыргызстандык бар экенин айтып, пандемияга байланыштуу мигранттардын саны акыркы эки жылда кыскарганын кошумчалады.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты