Олимпиада: Дзюдочу Владимир Золоев мелдештен четтеди

  • 3 года мурун

Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев 27-июлда Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча мелдешке чыккан. Ал 81 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, алгачкы беттешинде орусиялык балбан Алан Хубецовго жеңилип, мелдештен четтетилди.


Беттештин негизги бөлүгүндө Владимир Золоев пассивдүү күрөшкөнү үчүн эки эскертүү алды. Негизги убакытта жеңүүчү аныкталбай, балбандарга кошумча убакыт берилди. Кошумча убакыт бүтөрүнө аз калганда калыс Золоевге дагы бир эскертүү берип, жеңишти орусиялык спортчуга ыйгарды.

Дзюдонун эрежеге ылайык, беттеште балбан үч эскертүү алганда жеңиш атаандашына ыйгарылат.

Токиодо олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылды. 8-августа жыйынтыкталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты