Президент Садыр Жапаров көзүнө операция жасатканы белгилүү болду

  • 3 года мурун

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров акыркы күндөру көз айнегин чечпей жүргөндүгү тууралуу түшүндүрмө жасады.

«Президент Садыр Жапаров жакында көзүнө операция жасаткандыктан имарат ичинде күндөн коргоочу көз айнек тагынып жүрүүгө туура келди. Ага хирургиялык операцияны талап кылган көздүн алдыңкы катынын энтропиону диагнозу коюлган», — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок, операция качан жасалганы такталган эмес билдирүүдө.

Буга чейин Садыр Жапаров бир канча иш-чарада көз айнегин чечпей жүргөнү байкалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты