«Кыргызалтын Ювелирпром» ишканасы түзүлдү

  • 3 года мурун

Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Кыргызалтын Ювелирпром» биргелешкен ишканасы түзүлдү.

Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында “«Алтын» кыргыз зергерчилик заводу” ишканасынын базасында түзүлгөн “Кыргызалтын Ювелирпром” жаңы ишканасына барды. Биргелешкен ишкана “Кыргызалтын” ААКсы жана “Алтын” кыргыз зергерчилик заводу» ЖЧКсынын катышуусунда түзүлгөн.

Президентке жаңы ишкана ата мекендик зергерчилик өндүрүшүн калыбына келтирүүгө, өндүрүш базасын модернизациялоого, иштеп жаткан зергерчилик заводдорду жана сатуу түйүндөрүн реконструкциялоого, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталгандыгын маалымдашты.

Президент Садыр Жапаров баалуу металлдар өлкө ичинде иштетиле тургандыгы, андан жаңы жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке салыктын түшүүсү көбөйөрү маанилүү артыкчылык экенин, бул мамлекеттин экономикалык саясатындагы приоритеттүү милдеттердин бири болуп саналарын баса белгиледи.

Сүрөт: КР Президентинин маалымат кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты