Борбор Азия мамлекет башчылары 6-августта Түркмөнстанда жолугат

  • 3 года мурун

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Түркмөнстанга консультативдик жолугушууга барышат. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов 24-июлда телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Сүйлөшүү учурунда, эки лидер консультативдик саммиттин күн тартибин жана программасын талкуулашкан. Ошондой эле, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында президенттердин жолугушуусу Түркмөнстандын “Аваза” улуттук туристтик аймагында болоору белгилүү болгон.

Эскерте кетсек, Борбор Азия лидерлеринин консультативдик жолугушуусу 2020-жылы Бишкекте болмок, бирок пандемиядан улам быйылкы жылга калтырылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты