ИИМ: Кримавторитет “Дженгонун” жансакчысы бейбаштыкка шектелип кармалды

«Дженго» каймана аты бар кримавторитеттин жансакчысы бейбаштыкка шектелип кармалганын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Р. А. аттуу кармалган жаран 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, мурда соттолгон.

2021-жылдын 10-июлунда алдын-ала сүйлөшүп алып, бир топ адамдар менен бейбаштык жасаган.

Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында бычак менен коркутуп, Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алып, анын капчыгы бар барсеткасын алып кетишкен. Анда 1600 АКШ доллары жана 48 миң сом болгон.

Бул факт кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси, бейбаштык боюнча катталган. Ал Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты