Казакстанда акимдерди түз шайлоо башталды
- 4 года мурун
Казакстанда биринчи жолу айыл акимдерин түз шайлоо башталды.
Добуш берүү 14 облуста 1 847 участокто жүрүүдө. Мында 730 шайлоо округунда 2 миңден ашык талапкер ат салышууда.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 1419 талапкер өзүн көрсөтсө, 878 киши саясий партиялардын жарышка чыкты.
Шайлоо алдындагы жымжырттык күнү президент Касым-Жомарт Токаев “Твиттердеги” баракчасына “бул окуя саясий модернизациянын жаңы баскычынын белгиси” деп жазды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү