Милиция кызматкерлери бир нече уурулук фактысына шектелген жаранды кармады

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына С.У. аттуу жаран арыз менен кайрылып, мындагы мечиттердин биринде калтырып кеткен барсеткасынан Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефону жана 5 600 сом акчасы уурдалганын билдирген.

Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Бул факты боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү — 1996-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран кармалган. Ал Ленин РИИБ тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардк ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ленин райондук сотунун токтому менен шектүүнү 4-ноябрга чейин камакта кармоо тандалып, №1 тергөө абагына киргизилген.
Тергөө улантылууда.

Сүрөт: Ленин райондук ИИБ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты