Кадамжайда жети үйдөн 700 миң сомдук акча жана зер буюм уурдаган. Шектүү кармалды  

Кадамжай районунда акча жана зер буюмдарын уурдоого шектелген 38 жаштагы жаран кармалды.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, Кадамжай райондук ички иштер башкармалагына Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнө Үч-Коргон айыл аймагынын 7 тургуну арыз менен кайрылган.

Алардын билдирүүсүндө, 2026-жылдын июнь айынын аягынан июль айынын ортосуна чейин белгисиз жаран алардын үйлөрүнө кирип, акча жана зергер буюмдарын уурдап кеткендигин билдиришкен.

Аталган фактылар Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга жалпысынан 700 миң сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү, А.Масалиев айыл аймагынын мурда соттолгон 38 жаштагы тургуну М.М. кармалды.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштеринин жүрушүндө жабырлануучуларга зер буюмдары кайтарылып берилди.

Сүрөттө: Шектүү. Баткен ОИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты