Бишкекте кичине кыздын сөйкөсүн чечип кетүүгө шектүү кармалды  

  • 4 недели мурун

Бишкекте 8 жашар кыздын сөйкөсүн чечип кетүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдирди.  

Маалыматта айтылганда, 12-августта болжол менен саат 15:22де Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматына А.Г. аттуу жаран кайрылып, анда болжол менен жарым саат мурун Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда анын 2018-жылы туулган кызы А.Э.нин алтын сөйкөсүн чечип кеткендигин билдирген. Уурдалган зер буюмдун баасы 40 миң сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2005-жылы туулган С.Т. аттуу жаран аныкталып, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Учурда шектүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык,  Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: Бишкек ИИББ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты