Жолугушууда Президент Жапаров Жогорку Кеңеш депутаттары менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту.

Президенттин маалымат кызматынын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы Жогорку Кеңештин маанилүү ролун белгиледи.

Ал бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгын айтты.

Садыр Жапаров жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына жана мыйзамдуулук үстөмдүгү принциптерине болгон ишенимин бекемдөөнүн маанисине көңүл бурду.

Президент Жапаров парламенттин бийликтин бардык бутактары менен катар эле ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус инфекциясынын пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан маселелерди тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи, -деп жазды Президенттин басма сөз кызматы.

Депутат Сайдулла Нышанов жолугушууда “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» мыйзам долбоору талкууланганын “Азаттыкка” билдирди. Ага парламент спикери жана шайлоо мыйзамын даярдаган топ катышкан.

«Кээ бирлер 90у тең бир мандаттуудан болсун десе, айрымдары баары партиялык тизме менен, бирок добушту даректүү кылып, талапкердин фамилиясына берүү аркылуу шайланганы туура болорун айтышты.

Президент убагында эл партиялык тизмеден тажагандыктан, бир мандаттуу округ сөзсүз болушун суранганын айтып, “ошондуктан 35ин же 45ин өзүңөр чечкиле, сүйлөшүп кабыл аласыңар да” деди. Калганын партиялык тизме менен, эгер мүмкүнчүлүк болсо, канча каражат кетерин Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери менен да такташып, фамилия боюнча бериле тургандай кылып кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды. Мыйзам долбоорун 22-июлда биринчи окууда кабыл алабыз жана экинчи окууда оңдойбуз», — деди Нышанов.

Депутат Дастан Бекешев аталган жолугушууда сөз болгондор тууралуу Фейсбук баракчасына минтип жазды:

-Депутаттардын Президент менен жолугушуусунда мен шайлоочуларды сатып алууну кантип жоюу керек деген идеяны сунуш кылдым. Шайлоочулар да ыраазы болуп, күрөш адилеттүү болот.

Шайлоочуларды добуш сатып алуу фактыларын сүрөткө тартууга, ал эми добуш саткан шайлоочуга ири өлчөмдө айып пул салууга түрткү берүү керек. Ошол эле учурда, добуш сатып алуу тууралуу билдирген шайлоочуга айып пулдун 50%ы берилет. Мен болжол менен шайлоочуга 10 миң сом берүүнү сунуш кылдым.

Мындан тышкары, талапкерлер добуш сатып алуу менен бирге, он миңдеген агитаторлорду жалдоого жол бербөө үчүн, жумушка алынган агитаторлордун санына чектөө коюу керек.

Добуш сатып алгандарга эч качан мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштөөгө жол берилбеши керек.

Тилекке каршы, идея жазылгандыгына карабастан, бул парламенттик шайлоодо аны ишке ашыруу күмөн. Бүгүнкү күндө эле комитет экинчи жана үчүнчү окууда жогоруда айтылган сунуштарды киргизүү керек болгон жаңы кодекстердин долбоорлорун жактырды.

Дастан Бекешев ошндой эле кийинки жумада парламент шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырат жана 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоо башталат, — деди Дастан Бекешев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты