​Кыргыз-тажик жаңжалында жабыркаган Максат айылындагы мектеп калыбына келтирилди

  • 3 года мурун

Ушул жылдын апрель айынын аягында Баткен облусунда болгон кыргыз-тажик чек ара чатагында жабыркаган Лейлектеги Максат айылындагы орто мектеп толугу менен калыбына келтирилди.


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда, «Максат айылдык мектебинин калыбына келтирүү иштери аяктады. 1-сентябрда мектеп окуучуларды кабыл алууга даяр», — деди.

Ошондой эле ал ошол окуяда жабыркаган социалдык обьектилердин калыбына келтирүү иштери менен таанышып чыкты.

«Каржы маселеси чечилген. Каражат бөлүнгөн. Бир гана обүектилердин курулушун бүтүрбөстөн, инфраструктура маселесин, анын ичинде борбордук көчөлөрдү асфальттоо жана жарыктандыруу маселелерин чечүү керек. Жашоочуларга ыңгайлуу жашоо үчүн керектүү нерселердин бардыгы берилиши керек”, — деди Улукбек Марипов.

Эске сала кетсек, 28-29-апрель күндөрү Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусундагы 136 турак-жай 84 социалдык объектиге зыян келген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты