​Баткен: Жабыркаган турак-жайлар жана объекттер

Баткен облусунун аймагында кырдаалдын кесепетинен 136 турак-жай жана 84 объектке зыян келтирилди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күнү келтирилген материалдык чыгымдар боюнча ӨКМ атайын комиссия түзүп, тактоо иштерин алып барууда. Чыгымдар такталууда.
Маалыматка ылайык, 136 турак-жай, 27 май куюучу жай (АЗС), 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана, 1 мектеп, 1 ФАП, 2 дарыкана, 1 бала бакча, 1 китепкана, 1 медициналык борбор, 1 стоматология жана 7 мамлекеттик имараттар жабыркады.

Сүрөттөр: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жана Социалдык тармактардан.

Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты