Жыл башынан бери күйүүчү майдын баасы 16,5 сомго кымбаттады. Дагы 6-10 пайызга көтөрүлүшү мүмкүн

  • 3 года мурун

Июль-август айларында Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баалар орточо 6-10 пайызга же 3-5 сомго жогорулашы мүмкүн.


Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

«Баанын көтөрүлүшү акыркы бир айдын ичинде Россиянын заводдорундагы бензиндин тоннасы 70 долларга, солярканыкы 60 долларга өскөндүгүнө байланыштуу болууда. Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун сатуу бааларынын тез өсүшү 2021-жылдын башынан бери уланып келе жатат. Жыл башынан бери бензин тоннасына 300 доллардан 650 долларга чейин жогорулады, бул орто эсеп менен күйүүчү майдын бир литрине 25 сомду түзөт. Дизель отуну үчүн сатуу баасы 400 доллардан 560 долларга чейин жогорулады», — деп билдиришти Нефтетрейдерлер ассоциациясынан.

Кыргызстанда бензин жыл башынан бери 16,5 сомго, ал эми дизелдик отун 12,8 сомго кымбаттаган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты