Кыргызстанга Кытайдан күйүүчү-майлоочу май жеткирүү маселеси каралды
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон иш сапарынын алкагында, Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын (China National Petroleum Corporation — CNPC) башкы директору Ло Ичжоу менен жолукту.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, анда негизинен Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясына караштуу “Куньлунь Логистик” компаниясы аркылуу Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу продуктуларды жеткирүүнүн жол-жоболору каралды.
Корпорация менен ыкчам жана тыгыз иш алып баруу үчүн, өлкөнүн Энергетика министрлигине жалпы ишти координациялоо, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Бажы кызматына көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен мунай ташыган жүктөрдү токтоосуз өткөрүү, Тышкы иштер министрлигине жеткирүү кызматын аткарган айдоочулардын визаларын тариздөөнү жөнөкөйлөтүү сыяктуу маселелер жеринде каралып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү.
Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы (China National Petroleum Corporation — CNPC) — дүйнөдөгү эң ири газ өндүрүү жана мунай казып алуучу мамлекеттик корпорациялардын бири. Ал мунай жана жаратылыш газын чалгындоого, өндүрүүгө, кайра иштетүүгө жана эл аралык масштабдагы куурлар аркылуу мунай продукцияларын ташууга катышат.
Сүрөт: gov.kg




