​Ош шаардык кеңешине өткөн аялдарга «Биздин Кыргызстан» партиясы кысым кылууда

  • 3 года мурун

2021-жылдын 11-июль күнү Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо жеңишке жеткен «Биздин Кыргызстан» партиясы катарындагы айым депутаттарга кысым кылууда.


Бул тууралуу укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева айтып чыкты.

Анын айтымында, Ош шаардык кеңешинен 15 орун алган “Биздин Кыргызстан” партиясы менен депутат болгон аялдар тизмеден чыгарылган.

«Алардын бардыгы Ош шаардык шайлоо комиссиясына мандаттан баш тартуу боюнча арыз жазышкан имиш. Алардын ордуна партиянын башка аял өкүлдөрүн квота принцибин сактоо үчүн түртүп жатышат. Партиядагылар муну жумшак рейтингди колдонуп жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок, бул жерде алардын ордуна активдүү аялдарды алдыга сүрөп жаткандай сезилип жатат», — деди Гүлгакы Мамасалиева.

Эске салса кетсек, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо болгон. Ош шаардык кеңешине 4 партия өткөн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты