​Азырынча Бишкекте «Эмгек», Ошто «Ата-Журт Кыргызстан», Токмокто «Бирге — Вместе» биринчи болушту

  • 3 года мурун

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештерге болгон кайра шайлоо жыйынтыкталды.


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык шайлоо тутумундагы алдын ала маалыматтар боюнча Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо:

«Эмгек» саясий партиясы 16 400 добуш же шайлоого катышкандардын 18,16 пайыз добушуна ээ болду. Бул жыйынтык менен «Эмгек» партиясы шаардык кеңеште 11 мандатка ээ болот.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы – 14,2 пайыз же 9 мандат;

«Ишеним» партиясы – 12,39 пайыз же 8 мандат;

«Ынтымак» партиясы – 10,58 пайыз же 7 мандат;

«Социал-демократтар» – 8,1 пайыз же 5 мандат;

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы 7,92 пайыз же 5 мандат;

Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо:

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы – 36,86 пайыз же 17 мандат;

«Биздин Кыргызстан» партиясы – 33,37 пайыз же 16 мандат;

«Улуттар Биримдиги» партиясы – 15,91 пайыз же 8 мандат;

«Бир Бол» партиясы – 8,35 пайыз же 4 мандат;

Токмок шаардык кеңешине болгон шайлоодо:

«Бирге - Вместе» - 28,27 пайыз же 9 мандат;

«Эмгек» партиясы – 24,82 пайыз же 8 мандат;

«Асыл Мурас-Жаштар» - 16,66 пайыз же 5 мандат;

Патриот ынтымагы – 13,69 пайыз же 5 мандат;

«Эл биримдиги» - 12,13 пайыз же 4 мандат;

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты