​Украина, Молдова, Грузия «Европа Биримдигине кошулуу» декларациясына кол коюшту

  • 3 года мурун

Грузиянын Батуми шаарында өткөн эл аралык конференцияда Зурабишвили, Санду жана Зеленский ЕБге кирүүгө умтулганы жөнүндө декларацияга кол коюшту. Европа Кеңешинин башчысы үч өлкөгө болуп көрбөгөндөй каржылык жардам убада кылды.


Батуми шаарында өткөн «Европа Бирлигинин тартылуу күчү жана аймактын өзгөрүшү» аттуу эл аралык конференцияда Грузия, Молдова жана Украинанын президенттери Саломе Зурабишвили, Майа Санду жана Владимир Зеленский үч мамлекеттин умтулуусу жөнүндө декларацияга кол коюшту.

«Европа Биримдигине кошулуу» декларациясы Тбилиси, Кишинев жана Киевди жакындатат жана Кара деңиз бул биримдиктин символу болуп, Евробиримдикке жол ачат. Биздин өлкөлөрдүн окшош жактары көп, бирок эң негизгиси биз өткөнгө кайтып келгибиз келбейт. Биз Европалык келечегибиз үчүн күрөшүүгө даярбыз. Биз бири-бирибизге колдоо көрсөтүүнү мойнубузга алдык» — деди Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили.

Аталган иш-чарага катышкан Европа Кеңешинин төрагасы Чарльз Мишель Батумидеги конференцияны маанилүү окуя деп атап, үч өлкөнүн ЕБ менен жакындашуу аракетин кубаттады. Бул мамлекеттердеги реформалардын маанилүүлүгүн белгилеп, миллиарддаган долларлык жардам убада кылды.

Владимир Зеленский Россия тарабынан бүткүл Европага келтирилген коркунуч жөнүндө айтты.

«Брюссель биздин үч мамлекеттин европалык умтулууларын бекем колдошу керек. Анткени кимдир бирөө биздин мамлекеттердин чек арасына куралдарынын темир булчуңдарын көрсөтүп жатат. Бул менин оюмча, биздин үч өлкө үчүн гана эмес, бирок бүтүндөй континент үчүн коркунуч», — деди Украинанын президенти.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты