Германияда суу ташкындан курман болгондордун саны 156 кишиге жетти

Германияда суу ташкындын кесепетинен курман болгондордун саны 156 кишиге жетти.


Бул тууралуу РИА Новости агенттиги таблоид Bild маалыматтарына шилтеме берүү менен билдирди.

Кобленц полиция башкармалыгынын маалыматына караганда, Рейнланд-Пфальц жергесинде 110 киши курман болду. Дагы Түндүк Рейн-Вестфалия жергесинде 45 киши сууга агып кетти. Ал эми Берхтесгаден Бавария районунда кеминде бир киши каза тапты.

Германияда “Бернд” циклону алып келген нөшөрлөгөн жаан жума башынан бери уланып жатат.

Негизги сокку түштүк-батыш региондорунда, Рейн жана башка дайралар тарапта жаап, суу жээктен чыгып, үйлөрдү каптоодо.

Айрыкча оор абал Рейнланд-Пфальц жана Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык жергесине туш келүүдө.


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты