​Токмок аймактык комиссиясы добуштарды кайра саноо чечимин кабыл алды

  • 3 года мурун

Токмок аймактык шайлоо комиссиясы аталган шаардын бардык шайлоо тилкесинде шаардык кеңешке кайра шайлоодо добуштарды кайра саноо чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 16-июлдагы чечими Борбордук шайлоо комиссиясына түштү.

Токмок аймактык комиссиясына “Эмгек” жана “Асыл мурас-Жаштар” саясий партияларынан арыз түшкөн. Алар айрым шайлоо участокторунда добуштар кол менен саналбай калганын белгилешти.

Мыйзам боюнча добуштарды кайра саноо БШК мүчөсүнүн катышуусунда өтүшү керек.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты